Меню
Эл-Сөздүк

Куралдуу күчтөр

КУРАЛДУУ КҮЧТӨР – эларалык укук жагынан алып караганда, мамлекеттердин такай аракеттеги (жөө аскер, аскер-деңиз, аскер-аба ж. б.) убактылуу (кошуундар, партизандар, көтөрүлүшчүлөр) аскердик курамдары. Жалдануучулар К.к. түшүнүгүнө жатпайт. Эларалык укуктарга ылайык, ага карата куралдуу колсалуу болгон учурда гана мамлекет өзүнүн К. к-үн жеке жана жармакташ коргонуу иретинде колдоно алат. БУУнун Уставынын жоболорун эске алуу менен, эларалык жетекчиликтин же башкаруунун астында аракеттенген улуттук аскер бирикмелери эларалык К. к-гө кирет. БУУнун Уставынын 51-статьясына ылайык түзүлгөн БУУ К. к-ү, коопсуздук боюнча аймактык уюмдарынын К. к-ү жана бириккен К. к-ү да ошондой күчтөрдөн болуп саналат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: